Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы жеке секторго суу эсептегичтерди орнотууну эскертти

Кыска кабар | 11 Июл 2024 | 278 | 0

Бишкек мэриясы жеке сектор үчүн сууну керектөөнүн нормасын бекитти. Маалыматка караганда, шаарда 278 миң 488 абонент болсо, анын 100 миң 612си жеке тармактын тургундар.

Учурда жеке сектордон 2668 абонент гана суу эсептегичтерин орноток, көп кабаттуу үйлөрдө бул көрсөткүч 47%га жетет.

Жеке үйлөрдүн ээлери көп батирлүү үйлөрдүн ээлерине караганда сууну көп колдонушат жана салыштырмалуу азыраак төлөшөт. Бул өзгөчө сугат мезгилинде, жеке сектордун жашоочулары бакчаларын сугарып, бассейндерди толтурганда байкалары айтылды.

2009-жылы белгиленген мурдагы стандарттарга ылайык, көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларына суткасына 310 литр суу бөлүнөт, ал эми жеке сектордун абоненттеринде бул норма суткасына 35 литрден 310 литрге чейин болгон.

2024-жылдын 5-июлунан тарта жаңыланган стандарт киргизилип, күнүнө 350 литр керектөөнүн жаңыланган ченемдери киргизилди.

Мэрия көптөгөн таза суу тармактары ашар ыкмасы менен курулуп, стандарттарга жооп бербей турганын белгилеп, суу эсептегичтерди орнотууну өтүнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM