Биз менен байланышыңыз

25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмүн милиция териштирип жатат

Кыска кабар | 11 Июл 2024 | 511 | 0

25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмү милиция тарабынан териштирилип жатат. Бул тууралуу “Маралга” Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Ленин районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу барган. Денени сырттан кароодо эч кандай сырткы жарааттар табылган эмес, бардык тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Дарыгер «Полидорго уулануу, өз жанын кыюу, жүрөк-кан тамыр курч жетишсиздиги» деген алгачкы корутунду берген.

Иштин материалдары андан ары тактоо үчүн Бишкек шаарынын Октябрь районунун ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

“Тараптардын бардык жүйөлөрү эске алынып, объективдүү иликтөө жүргүзүлөт. Кошумча маалымат кийинчерээк берилет” , — деп билдирди милиция.

25 жаштагы келин 7-июль күнү ооруканада каза болгону кабарланган. Анын жолдошу жубайы өз өмүрүнө кол салганын айтууда. Туугандары болсо Айтурган Маматкулова киши колдуу болду дешүүдө.

Кыздын апасы күйөө баласы буга чейин кызына кол көтөргөнүн, ошондой эле баңгизат менен алектенип жүргөнүн билдирген. Кыздын жакындарынын айтымында, анын денесинде гематомалар байкалган.

Copyright © 2017 Maral FM