Биз менен байланышыңыз

УКМК Бишкекте мыйзамсыз иштеген эки диний лагерь жабылганын билдирди

Кыска кабар | 11 Июл 2024 | 224 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз диний ишмердүүлүккө каршы күрөшүүнүн алкагында, эки диний балдар лагери көмүскө иштеп жаткандыгын аныктады.

Маалыматка караганда, бул мекемелер Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан өтпөй туруп иштеп жаткан. Анда 6-17 жаштагы 110 бала билим алган.

Жашыруун лагерлердин уюштуруучусу кыргызстандык жаран А.А.А., экени аныкталды. Диний лагерде санитардык-эпидемиологиялык нормаларды, билим берүү программаларын ж.б. сактоо боюнча мыйзам бузуулар болгон. Учурда мекеменин ишмердүүлүгү токтотулуп, иликтөө иштери жүрүп жатат. Тергөө аяктагандан кийин уюштуруучулардын аракеттерине юридикалык баа берилет.

Атайын кызмат «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» мыйзамга ылайык, балдарды диний уюмдарга тартууга жол берилбей турганын эскертти. Ата-энелер балдарын ар кандай диний лагерлерге берерден мурун мыйзамдуулугуна көңүл буруусу керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM