Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров: «Каркыра» лыжа базасын орусиялык инвесторлор курууда

Кыска кабар | 11 Июл 2024 | 175 | 0

Быйыл орусиялык инвесторлор Ысык-Көл облусундагы «Каркыра» лыжа базасын жана башка туристтик объектилерди куруу боюнча ири долбоорду ишке ашыра башташты.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын Красноярск шаарында өткөн Кыргызстан -Орусия өкмөттөр аралык комиссиянын 25-пленардык жыйынында айтты.

«Кыргызстанда орусиялык туристтерди ар дайым тосуп алышат. Бүгүн Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдер жана кол коюлган аймактар аралык макулдашуулар, меморандумдар жана бизнес-контракттар ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн, кыргыз-орус мамилелерин мындан ары да бекемдөөгө кызмат кылат» , — деди Жапаров.

МинКаб башчысынын айтымында, акыркы 3 жылды «билим берүү тармагы үчүн жылыш» деп атоого болот. Өткөн жылы, Кыргызстанда 9 мектеп, жети облустун ар бирине бирден жана республикалык маанидеги эки шаарга мектеп куруу боюнча келишим түзүлгөн. Мындан тышкары Кыргызстандын президенти Каракол шаарында Михаил Васильевич Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалын түзүү жөнүндө Жарлыкка кол койгон.

Ал ошондой эле Кыргызстандын жарандарын Орусиянын ЖОЖдорунда окуу үчүн бюджеттик орундардын санын 1000 орунга чейин көбөйтүүнү, ЖОЖдор аралык диалогдун активдүү өнүгүп жатканын жана «Чет өлкөдө орус мугалими» долбоорунун маанилүүлүгүн белгиледи, анын алкагында орусиялык мугалимдер балдарга орус тилин үйрөтөт.

Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын пленардык жыйынынын жана 11-кыргыз-орус аймактар аралык конференциясынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге жана макулдашууларга кол коюлду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM