Биз менен байланышыңыз

Маданият министринин орун басары алмашты

Кыска кабар | 10 Июл 2024 | 225 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова кызмат ордунан бошотулду. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Ал башка кызматка өткөндүгү кабарланды.

Анын ордуна Гүлбара Абдыкалыкова маданият министринин орун басары болуп дайындалды. Ал буга чейин «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинин жетекчиси болуп иштеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM