Биз менен байланышыңыз

«Нефтетрейдерлер» ассоциациясы автогаздын жетишсиздиги боюнча комментарий берди

Кыска кабар | 9 Июл 2024 | 334 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстандын «Нефтетрейдерлер» ассоциациясынын президенти Канат Эшатов билдиргендей, учурда ири компанияларда автогаз бар, майда компанияларда жок болууда. Себеби алардын чет жактагы чоң ишканалар менен түз келишими жок, алар башка компаниялардан газды алып кайра сатышат.

Ал эми ири компаниялар учурда өздөрүнүн май куюучу бекеттерин гана автогаз менен камсыздап жатат.

Ал Орусиядан газды жүктөп, жолго чыккан вагондордун алгачкы бөлүгү 3-июлда Бишкекке келип түшкөнүн билдирди. Эшатов Бишкектеги автогаз бекеттеринде тартыштык дээрлик жоюлганын, Орусиядан жөнөгөн жүк толук келсе дефицит болбой калаарын айтты.

“Биз негизи газды Орусиядан алабыз. Орус темир жолунда вагондордун тартыштыгынан улам газ убагында келбей токтоп калды. Натайжада Бишкектеги май куюучу жайлардын айрымдарында газ жетишсиз болуп, кезек  күтүүлөргө алып келди. Адатта автогаз жүктөлгөн 20-30 вагон бир келет. Ар кайсы компанияларда буюртмасына ылайык ар түрдүү көлөмдө болот” , — деди ал.

25-июндан бери Бишкектеги май куюучу жайлардын айрымдарында газ тартыштыгы пайда болгон.

Copyright © 2017 Maral FM