Биз менен байланышыңыз

Өспүрүмдөн акча талап кылууга айыпталган милиция кызматкери камакка алынды

Кыска кабар | 9 Июл 2024 | 252 | 0

Бишкекте электрондук тамеки чеккени үчүн өспүрүмдү коркутуп акча талап кылган деген шек менен кармалган милиция кызматкери камакка алынды.

Мындай чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарганын соттон кабарлашты.

22 жаштагы милиция кызматкери өспүрүм балдарга көчөдө электрондук тамеки тартканы үчүн айып пул салам деп коркутуп, 1000 сом алган.

Өспүрүм окуя болгон жерден эсин жоготуп, ооруканага жеткирилген жана “геморрагиялык инсульт” диагнозу менен оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми милиция кызматкери окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.

Бул факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын кызматкерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 144-беренеси («Коркунучта калтыруу») белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

26-июнда парламент вейп чеккендерге жана аны Кыргызстанга алып келүүгө айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алган. Ага президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Бир катар депутаттар бул демилге укук коргоо органдарынын шантаж ыкмаларынын бири болуп каларын эскертишкен.

Copyright © 2017 Maral FM