Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитине катышууда

Кыска кабар | 6 Июл 2024 | 267 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, Азербайжандын Шуша шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитине катышууда.

Жыйын алдында Уюмга мүчө мамлекеттердин делегация башчыларын Азербайжандын президенти Ильхам Алиев тосуп алды.

Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жолугушуусунун темасы “Транспорт, байланыш жана климаттык ишмердүүлүк аркылуу туруктуу келечекти калыптандырууну камсыз кылуу” болуп саналат.

Саммитке уюмдун катышуучу мамлекеттери – Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын мамлекет башчылары, Түркиянын жана Венгриянын өкмөт башчылары катышат.

Copyright © 2017 Maral FM