Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Абшыр-Ата айылындагы (Үч-Терек конушу) Абшыр-Ата сайынан издөө иштеринин натыйжасында жергиликтүү тургундар тарабынан саат 15:50дө жаш баланын сөөгү табылды.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Учурда табылган баланын өздүгүн тактоо иши жүрүүдө. Селдин кесепетинен жалпы 10 адам каза болгон.
1-июлда ӨКМден аталган сайга издөө үчүн 85 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 100дөн ашуун адам тартылган.
28-июнда катуу жааган жаадан улам Ош облусунун Ноокат районунда сел жүрүп, өзгөчө кырдаал режими киргизилген.