Биз менен байланышыңыз

«Сарай-Сай» кенинен алтын рудасын мыйзамсыз ташууга шектелгендер кармалды

Кыска кабар | 1 Июл 2024 | 182 | 0

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы «Сарай-Сай» кенинен көлөмү 1100 тоннадан ашык алтын рудасын мыйзамсыз ташып чыгуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Маалыматка караганда, шектүүлөр мыйзамсыз ташылган алтын рудасын документтер менен Кара-Балта тоо-кен комбинатына сатуу максатын көздөшкөн.

Бул факты боюнча УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, 25-июнда Кыргызстандын жарандары М.Д.З., М.А.Б. жана Ч.И.Б. кармалды. Алар жасаган кылмыштарын мойнуна алып, 27-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кармалгандардын экөө УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Бүгүнкү күндө бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM