Биз менен байланышыңыз

Прокурор Аскат Жетигенди сегиз жылга кесүүнү сурады

Кыска кабар | 25 Июн 2024 | 259 | 0

Мамлекеттик айыптоочу акын жана активист Аскат Жетигенди 8 жылга эркинен ажыратууну сурады. Бүгүн Бишкектин Свердлов райондук сотунда акынга карата өкүм чыгары күтүлүүдө.

Массалык башаламандыктарга жана бийликти басып алууга чакырык жасоо беренеси менен айыпталып жаткан акын, активист Аскат Жетиген 20-мартта камакка алынган. Аны 16-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кочкордон кармап, Бишкекке алып келген.

Социалдык тармактагы видеокайрылуусунун негизинде ага «бийликти басып алууга чакырык жасаган»  деген айып коюлуп, кылмыш иши козголгон.

Copyright © 2017 Maral FM