Биз менен байланышыңыз

Кадамжайда беш жаштагы бала селге агып каза болду, миңден ашык адам көчүрүлдү

Кыска кабар | 25 Июн 2024 | 303 | 0

Селден улам Баткен облусунун Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл өкмөтүндөгү Жеңиш айылынын беш жаштагы тургуну каза болду. Бул тууралуу Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

5 жаштагы Саидазим Илхамовдун сөөгү саат 23:45 чамасында табылып, медицина кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Аны менен катар аталган айылдын 1954-жылы туулган тургуну жабыркап, ооруканага жаткырылды, учурда абалы орто.

Президенттин өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Баткенде селден улам миңден ашык жергиликтүү тургун коопсуз аймакка көчүрүлдү.

Президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, 25-июнда саат 07:00дө сел кесепеттерин жоюу боюнча район акимдери, шаар мэрлери жана облустук Жарандык коргонуу кызматтары менен ыкчам штаб өткөрдү.

Облус башчысы табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча жер-жерлерде жумуш алып баруу, бардык техникаларды тартуу, үзгүлтүккө учураган суу, электр энергиясын калыбына келтирүү, күнүмдүк турмуш тиричиликке керектүү болгон бардык шарттарды түзүү, элдерге психологиялык жардамдарды уюштуруу, зарылчылык болсо эвакуация болгон элди убактылуу жайгаштыруу маселесин чечүүнү тапшырды.

24-июнь күнү Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун аймактарында каттуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү.

Облустун аймагында алдын ала маалымат боюнча, 47 турак үйгө, 113 турак үйдүн короосуна, 5 социалдык обьектиге, 1 кичи футбол аянтчасына, 17 ички чарбалык жолго, бир көпүрө, 12 чарбалык курулуш, 2 суу кампага, 1 трансформаторго зыянын тийгизген.

Сел 8 бодо, 42 майда малды агызып кеткен.

Учурда облус аймагында жол каттамдары ачык.

Copyright © 2017 Maral FM