Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саммити өтөт

Кыска кабар | 24 Июн 2024 | 135 | 0

Быйыл октябрь айында Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саммити өтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев иш сапары менен Бишкекке келген аталган уюмдун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугуп, октябрь айында Бишкекте өтө турган 11-саммитти талкуулашты.

Министр Кулубаев буга чейинки саммиттердин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган тапшырмаларды ишке ашыруунун, ошондой эле 2024-жылы Кыргызстанда пландаштырылган иш-чараларды уюштурууда уюмдун катчылыгынын көмөк көрсөтүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM