Биз менен байланышыңыз

Сентябрдан тарта дарыгерлердин эмгек акысы 50 пайызга көтөрүлөт

Кыска кабар | 24 Июн 2024 | 294 | 0

Кыргызстанда 1-сентябрдан тарта дарыгерлердин эмгек акысы 50 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 24-июндагы жыйынында айтты.

Ал эми орто медициналык персоналдын эмгек акысы 20 пайызга, кенже медициналык персоналдын эмгек акысы 10 пайызга жогорулайт.

Маалыматка караганда, каржы боюнча маселе чечилген, президенттин буйругу чыгышы күтүлүүдө.

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары медициналык кызматкерлерге иш учурунда кол салгандардын жазасын күчөтүүнү демилгелешкен.

Мыйзам долбоорунда өзүнүн кесиптик милдеттерин аткарып жаткан учурда медициналык же фармацевттик кызматкерлерди коркутуп, аларга карата зомбулук жасагандарга кылмыш-жаза жоопкерчилигин киргизүү каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM