Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Бельгияга иш сапары менен барат

Кыска кабар | 24 Июн 2024 | 187 | 0

Президент Садыр Жапаров 24-26-июнда Бельгия Падышалыгына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Жапаров 25-июнда Бельгиянын падышасы Филипп менен жолугушат. Ушул эле күнү Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель менен расмий жолугушуусу өтөт.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын Европа биримдиги жана Бельгия менен соода-экономикалык кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечеги талкууланат.

Сапардын жыйынтыгы боюнча эки жактуу биргелешкен документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM