Биз менен байланышыңыз

Эскалаторго буту кыпчылып калган кызга операция жасалды

Кыска кабар | 24 Июн 2024 | 790 | 0

Бишкек шаарындагы «Караван» соода борборунда 23-июнь күнү үч жаштагы кыздын буту эскалаторго кыпчылып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, атайын шаймандардын жардамы менен кыздын бутун чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, кыздын буту сынган деген диагноз коюлган, ага операция жасалды.

«Бирок баланын кан тамырлары, булчуңдары жана тарамыштары чайналып калгандыктан ага операция жасалды. Учурда анын абалы туруктуу. Ал №3 шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасында тиешелүү дарылануудан өтүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM