Биз менен байланышыңыз

Талантаалы Бакчиев «Манас» академиясынын президенти кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 24 Июн 2024 | 203 | 0

Талантаалы Бакчиев «Манас» жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясынын президенти кызматынан бошотулду.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Манасчы Талантаалы Бакчиев «Манас» жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясынын президенти болуп 2021-жылы декабрда дайындалган.

Манас таануучулар ассоциациясынын президенти, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, 20дан ашуун китептин автору. «Манас» эпосуна жана манасчылыкка тиешелүү бир нече республикалык, эл аралык долбоорлордун автору. Улуттук программанын, «Манас» мыйзамынын авторлорунун бири.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM