Биз менен байланышыңыз

БРИКС 2024: Дзюдо боюнча Чыңгызхан Сагыналиев күмүш медалга ээ болду

Кыска кабар , Спорт | 23 Июн 2024 | 597 | 0

Казань (Татарстан Республикасы)  шаарында өтүп жаткан БРИКС оюндарында дзюдо боюнча Чыңгызхан Сагыналиев күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, спортчу 73 килограммга чейинки салмакта кармашып, сириялык жана тажикстандык спортчуларды жеңген. Финалда россиялык балбанга жеңилип, 2-орунду ээлеген.

Белгилей кетсек, БРИКС оюндарында Кыргызстан медалдардын саны боюнча 90 мамлекеттин ичинен 9-орунга чыкты. Бул тууралуу маалымат, БРИКС оюндарынын расмий сайтына чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM