Биз менен байланышыңыз

Райондук сот Алга Кылычевди он жылга эркиндигинен ажыратты

Кыска кабар | 21 Июн 2024 | 289 | 0

КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка шектелип жаткан Алга Кылычев 10 жылга эркиндигинен ажыратылып, камакка алынды.

Мындай чемимди Чүйдүн Аламүдүн райондук соту 21-июнда чыгарды. Жогорку соттун маалыматына караганда, Алга Кылычев Кылмыш-жаза кодексинин 2017-жылдагы редакциясы боюнча “Барымтага алуу” жана “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” беренелери менен айыптуу деп табылды.

Алга Кылычев 2019-жылдагы августта Кой-Таш окуясына байланыштуу кармалган. Ошол жылдын октябрь айында тергөө менен кызматташуу боюнча макулдашуунун негизинде үй камагына чыккан.

2019-жылы 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп, эки күндүк кагылышуудан УКМКнын атайын багыттагы аскери Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, 100дөн ашык киши жаракат алган.

Copyright © 2017 Maral FM