Кыргызгидромет билдиргендей, 21-июнда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз көпчүлүк аймакта мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Түштүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +31…+36,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +22…+27,
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +24…+29.
Бишкекте күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +33…+35 градус ысык.