Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги жарнак такталары алмаштырыла баштады

Кыска кабар | 20 Июн 2024 | 184 | 0

Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы “Тазалык” ишканасы  менен биргеликте Октябрь районундагы көрнөк-жарнактарды демонтаждоо иштерин баштады.

Эски металл конструкциялардын ордуна заманбап LED экрандар коюлат.

Мэрия тургундарга ыңгайсыздык пайда кылбаш үчүн мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштери ыкчам жүргүзүлүп жатканын, жарнамалык структураларды жаңылоо Бишкекти заманбап жана ыңгайлуу борборго айландыруунун дагы бир кадамы экенин белгилейт.

Президент Садыр Жапаров 19-июнда Бишкек шаарынын мэриясына шаардагы эски жарнамалык такталарды лед экрандарга алмаштырууну, бул ишти 31-августка чейин бүтүрүүнү тапшырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM