Кыргызстандыктар дүйшөмбү күнү, 17-июнда эс алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ай календары боюнча аныкталган Курман айтты 16-июнга дем алыш (жекшемби) деп жарыялаган.
Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, дем алыш күнүнө жана жумуш эмес майрам күнүнө туш келип калганда дем алыш күн майрамдан кийинки жумуш күнүнө которулат.
17-июнда беш күндүк жана алты күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын мамлекеттик бюджеттен каржыланган кызматкерлери үчүн дем алыш күн болуп саналат.