Биз менен байланышыңыз

Министр: Айыл жеринде 12 жылдык окутууга өтүү оңой болот

Кыска кабар | 13 Июн 2024 | 280 | 0

Айыл жерлеринде 12 жылдык билим берүү системасына инфраструктуралык жактан өтүү оңой болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева парламенттин 13-июндагы жыйынында айтты.

Анын маалыматына караганда, 250-300дөй мектеп бир сменде окутат. Ал эми мектепке чейинки мекемелерде (нөлүнчү класстар) «Наристе» программасынын алкагында окутулуп жатат, мугалимдердин айлыгына 900 миллион сом каралган.

«Балдар нөлүнчү класста бардык мектептерде милдеттүү түрдө окуп жатышат. Класстар жетиштүү. Мугалимдер үчүн бюджеттен 900 млн сом бөлүнгөн «, — деди министр.

Депутат алгач айыл жерлериндеги бузулган мектептерди оңдоо керектигин, китептерди толуктоо зарылдыгын айтты.

«Аймактарда балдардын нөлүнчү класска барганын көрө элекмин. Анын үстүнө мектептердин шыптарынан суу агып турганын көрүп жатабыз. Балдарды эски окуу китептери менен окуткан мектептер бар. STEM системасы кошумча класстарды жана китептерди талап кыларын түшүнөсүз. Эгер бизде учурда жакшы абалдагы окуу китептерин сатып алууга каражат жок болсо, анда жаңы системага акча кайдан келет? «, – деди депутат Таалайбек кызы.

Догдуркүл Кендирбаева 12 жылдык окутууга өтүү боюнча саясий чечим кабыл алынганын, бул чечим менен STEM системасы аркылуу өлкөнүн бардык мектептеринде бүгүнкү күнү кымбат акы төлөп окуп жаткан менчик мектептердин шартын түзүп берүү максат кылынганын кошумчалады.

Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйынында Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, кабыл алды.

Келишим боюнча 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө Азия өнүктүрүү банкынан 40 млн доллар акча берилет. Бул сумманын жарымы — 20 млн доллар грант түрүндө, калганы 32 жылга 1-1,5 пайыз үстөк менен насыя түрүндө берилет.

Copyright © 2017 Maral FM