Биз менен байланышыңыз

Газдаштырууга мамлекеттик банктар жеңилдетилген насыя берүүдө

Кыска кабар | 12 Июн 2024 | 188 | 0

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундарына үйлөрүн газдаштыруу үчүн жеңилдетилген насыя бере баштады. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынан кабарлашты.

Министрлер кабинети «РСК Банк» жана «Айыл Банктардан» жылдык 8%га насыя берүү боюнча тескеме кабыл алды.

Пайыздык чени Бишкек шаары жана Чүй облусунун жашоочуларына жылдык 8 пайыз деп белгиленди. Суммасы 150 миң сомго чейин күрөөсүз жана кепилдиксиз 24 айга чейин болот.

Насыяны алуу процесси:

  • Үйдүн ээсинин паспорту жана үйдүн техникалык паспорту менен сайт аркылуу же «Газпром Кыргызстан» калкты тейлөө борборлорунда газга кошулууга билдирме калтырыңыз;
  • Адистер объектти иликтеп чыгып, үйдү коопсуз газдаштыруу боюнча чиймени жана сметаны даярдашат;
  • Чийме менен сметаны «Газпром Кыргызстан» Калкты тейлөө борборунан алып кетиңиз;
  • Паспортуңузду, киреше жөнүндө документтерди, укук берүүчү документтерди, сметалык эсепти жана материалдарды сатып алууга эсепти көрсөтүү менен Банкка насыя алууга арызыңызды тапшырыңыз;
  • Төлөм жүргүзүлгөндөн кийин үйдү газдаштыруу боюнча жумуштар аткарылат.

«Газпром Кыргызстан» ишканасы үйдү газдаштырууга арыздарды жайкы мезгилде берүүнү сунуштайт, анткени ушул убакта компаниянын тейлөө борборлорунда узак кезек болбойт, кезектер жыл сайын августтун экинчи декадасынан тарта башталат.

Кыргызстан менен «Газпром» газ берүү келишимин 2040-жылга чейин узартты

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM