Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Көпчүлүк аймакта жаан жаайт

Кыска кабар | 11 Июн 2024 | 286 | 0

12-июнда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт.

Күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан нөшөрлөп жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +32…+37,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28,

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +32…+34 градус ысык.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM