Биз менен байланышыңыз

Венадагы форумда «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушу талкууланат

Кыска кабар | 10 Июн 2024 | 127 | 0

Кыргызстандын Министрлер кабинети Австриянын Вена шаарында энергетикалык инвестициялык форум өткөрүүдө. Ага Акылбек Жапаров баштаган өкмөт өкүлдөрү, парламент депутаттары катышууда.

Форумда «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушу талкууланат.

Иш-чара Дүйнөлүк банк тобунун колдоосу жана Австрия өкмөтүнүн көмөгү менен Кыргызстандын министрлер кабинети тарабынан уюштурулган.

Форумга 200дөн ашык эл аралык каржы уюмдарынын өкүлдөрү жана жетекчилиги, Борбордук Азия, Европа, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн делегациялары жана жеке инвесторлор катышууда.

Акылбек Жапаров Австриянын европалык жана эл аралык иштер федералдык министри Александр Шалленберг, экономика жана эмгек федералдык министри Мартин Кохер менен да жолугушат.

Мындан тышкары, европалык гидроэнергетикалык компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM