Биз менен байланышыңыз

Июнь окуясына 14 жыл. Президенттин кайрылуусу

Кыска кабар | 10 Июн 2024 | 400 | 0

Президент Садыр Жапаров 2010-жылдагы июнь окуясына байланыштуу кайрылуу жасады. Ал бүгүнкү күндө этностор аралык кагылышуулар көптөгөн өлкө үчүн башкы көйгөй экенин, мындай окуялардын натыйжасы бир өлкөнүн туруксуздугуна, же экономикасынын алсырашына алып келерин белгилейт.

«2010-жылы көп этностуу Кыргызстандын биримдигин уратууга, эзелтен боордош болуп жуурулуша жашап келген элдин ынтымагын бузууга ниет кылгандардын ою кайсы бир деңгээлде ишке ашып, дүйнөдөгү негативдүү тенденциялар өлкөбүздүн турмушунда да орун алган. Бүгүн 14 жыл мурунку Ош, Жалал-Абад аймактарында болгон кандуу калабаны, анда каза болгон жарандарыбызды кайгыруу менен эскерип турабыз.

Ошол каргашадан ондогон кылымдарды башынан кечирген санжыргалуу тарыхы бар Кыргызстан калкы эң алды журт биримдиги деп ураан чакырып чыга алды. Ошентсе да 2010-жылдагы бул каргашалуу окуяны эгерим эсибизден чыгарбашыбыз керек.

Бийликке келгендер да, эл да мындай арам ойлуулардын жетегине жетеленбешибиз керек. Жеке кызыкчылыктарга азгырылбай, баарыбыздын Ата Мекенибиз Кыргызстан экенин, аны бизден башка эч ким коргобостугун аңдап түшүнүүбүз зарыл» , — дейт Садыр Жапаров.

Президент өлкөдөгү этностор, конфессиялар жана башка социалдык топтор укуктук документтерге баш ийгенде жана мыйзам үстөмдүгү орногондо гана мамлекетте ынтымак болорун кошумчалайт.

2010-жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улуттар аралык кагылышуу чыгып, 400дөн ашуун адам курман болгон.

Copyright © 2017 Maral FM