Биз менен байланышыңыз

Кезектеги интервенция. Доллар жана рубль арзандоодо

Кыска кабар | 10 Июн 2024 | 453 | 0

Улуттук банк эл аралык валюта базарынан 40 млн 700 миң доллар сатып алды. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалды.

Бул жыл башынан бери жасалган тогузунчу интервенция.

Акыркы суткада акча алмаштыруу жайларда жана Улуттук банктын маалыматтарында доллардын, орус рублинин жана теңгенин курсу сомго карата төмөндөдү, евро бир аз өстү.

9-июнда эртең менен Бишкектеги акча алмаштыруу жайлары долларды орточо 86,8 сомдон сатып алышып, 87,7 сомдон сатышууда.

Улуттук банктын расмий курсу — 87,23 сом (0,08 пайызга төмөндөгөн).

Евро бир аз кымбаттады, 93,5 — 94,5 сомдон сатылууда.

Расмий курс — 95,99 сом (өсүш — 0,04 пайыз).

Орусия рубли акыркы суткада арзандады. 0,97 сомдон сатып алып, 0,99 сомдон сатышууда. Расмий курс — 0,9812 сом (төмөндөө- 0,2 пайыз).

Казак теңгесинин курсу да бир сутка ичинде төмөндөдү. Бүгүнкү күндө ал 0,135 сомдон сатылып, 0,208 сомдон сатылууда.

Расмий курс-0,195 сом (0,15 пайызга төмөндөгөн).

Copyright © 2017 Maral FM