Биз менен байланышыңыз

Энергетика министрлиги Ислам өнүктүрүү банкы менен долбоорлорду ишке ашырат

Кыска кабар | 7 Июн 2024 | 269 | 0

Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен Ислам өнүктүрүү банкы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча  билдирүүгө кол койду. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

6-июнда Энергетика министри Таалайбек Ибраев Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед Аль-Жасер менен жолугуп, CASA-1000 долбоору жана Тамга Каракол 220 кВ аба электр линиясын куруу долбоору, Бишкек шаарын электр менен камсыздоону жакшыртуу долбоору жана Аркин массивинин электр менен камсыздоону жакшыртуу долбоору тууралуу сүйлөштү.

Бүгүнкү күндө Энергетика министрлиги Ислам өнүктүрүү банкы жалпы суммасы 150 млн долларды түзгөн эки долбоорду ишке ашырып, дагы эки долбоорду аяктап жатканы кабарланды.

Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Кыргызстанда электр энергиясын өнүдүрүүгө болгон потенциал көп экенин белгилеп, сууну туура пайдаланууга чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM