Биз менен байланышыңыз

ЖК айрым бейөкмөт уюмдардын отчеттуулугу боюнча мыйзам долбоорун четке какты

Кыска кабар | 6 Июн 2024 | 271 | 0

Жогорку Кеңеш «Кээ бир коммерциялык эмес уюмдардын отчеттуулук маселелери боюнча» мыйзам долбоорун биринчи окууда карады.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов белгилегендей, мыйзам долбоору Конституциялык соттун 2023-жылдын 7-июнундагы чечимин аткаруу максатында иштелип чыккан.

Отчет берүүнүн тартибин бекемдөө үчүн «саясий партиялар жөнүндө», «Кесиптик бирликтер жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө», «Кооперативдер жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

Талкууда депутат Эльвира Сурабалдиева кээ бир коммерциялык эмес уюмдардын отчетторундагы дал келбестиктер үчүн жоопкерчилик маселесин тактады. Депутат Чыңгыз Айдарбеков саясий партиялардын отчеттуулугун сурап, анын аныктыгын ким текшерет деген суроо салды.

Нурлан Умтулов учурда саясий партиялар салык боюнча гана отчет тапшырарын билдирди.

Депутат Камила Талиева мыйзам долбоорунда каралган нормалар башка мыйзамдарда каралганын белгилеп, аны өзгөртүүнүн зарылдыгы жок экенин айтты. Жыйынтыгында депутаттар аталган мыйзам долбоорун колдогон жок.

Copyright © 2017 Maral FM