Бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Малайзиянын футбол боюнча курама командаларынын оюну өтөт.
Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, буга байланыштуу борбор калаада саат 14:00дөн баштап футбол аяктаганга чейин унаалардын кыймылы убактылуу токтотулат.
Фрунзе көчөсү Исанов көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин жабылат, Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзеге чейин жабылат.