Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров башкы прокурорлукка талапкер көрсөттү

Кыска кабар | 5 Июн 2024 | 434 | 0

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын башкы прокурорлугуна Максат Асаналиевдин талапкерлигин көрсөттү. Тиешелүү документтин көчүрмөсү социалдык тармактарга жарыяланды.

Бул маалыматты президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов тастыктады. Анын айтымында, Максат Асаналиевдин башпрокурорлукка талапкерлиги Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилди.

Маалыматтарга караганда, Максат Асаналиев 2022-жылы 20-майда Ош облусунун прокурору болуп дайындалган. Буга чейин ал Бишкектин Биринчи май районунун прокурору болгон.

3-июнда Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев өз арызы менен отставкага кетти. Курманкул Зулушев 2020-жылдын 21-октябрында башкы прокурор болуп дайындалган.

2024-жылы 24-апрелде президент Садыр Жапаров Зулушевге кол алдындагыларды туура эмес көзөмөлдөгөнү үчүн сөгүш деп  жарыялаган. Зулушев быйыл 19-апрелде Көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайланган.

Copyright © 2017 Maral FM