Биз менен байланышыңыз

ТИМ шенген визасынын баасы жогорулаганын кабарлады

Кыска кабар | 4 Июн 2024 | 226 | 0

11-июндан тарта Шенген өлкөлөрүнүн визасы үчүн консулдук жыйымдар жогорулайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Виза үчүн 90 евро алынат, ал эми 6 жаштан 12 жашка чейинки виза үчүн кайрылгандардан консулдук жыйым 45 евро түзөт.

Шенген мейкиндигиндеги дагы бир жаңылык бул аймакка Болгария менен Румыниянын жарым-жартылай кошулушу. 2024-жылдын 1-апрелинен тарта Болгария менен Румыния үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарына Шенген аймагынын калган өлкөлөрүндө 180 күндүк мөөнөттүн ичинде 90 күнгө чейин жүрүүгө мүмкүндүк берүүчү С тибиндеги (кыска мөөнөттүү) Шенген визаларын бере баштады.

Министрлик кыргызстандык жарандарды чет өлкөгө сапарларын алдын ала пландаштырууну суранат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM