Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров: Төрт жылда азык-түлүк тартыштыгы пайда болот

Кыска кабар | 4 Июн 2024 | 159 | 0

Эл аралык эксперттик уюмдардын эсептөөлөрү боюнча 2028-жылга карата жер шарынын дээрлик 1 миллиард калкы тамак-аш жетишсиздигине дуушар болот. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Беларуста «Евразия экономикалык бирлигинин азык-түлүк коопсуздугу» пленардык сессиясында айтты.

2022-жылы 58 өлкөдө жана аймактарда 258 миллиондон кем эмес адам азык-түлүк коопсуздугу көйгөйүнө туш болгон.

«Мындай тобокелдиктердин негизги факторлору биринчи кезекте аба ырайынын кескин өзгөрүшү жана геосаясий шарттардын чыңалуусунун күчөшү. Ошол эле учурда саясаттагы кескин өзгөрүүлөр азык-түлүк өндүрүшүнүн глобалдык системалары үчүн тобокелдиктерди жаратат. Суроо-талап менен сунуштун ортосундагы балансты бузуп, сооданын жана дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугунун келечегине кедергисин тийгизиши мүмкүн» , — дейт Акылбек Жапаров.

Кыргызстанда жакынкы жылдары азык — түлүк коопсуздугун камсыздоого жана атамекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган 100 ири долбоорду агроөнөр жай комплексинин 11 тармагында ишке ашыруу пландалып жатканын кошумчалады.

Акылбек Жапаров 2030-жылга чейин ЕАЭБдин алкагында жана 2045-жылга чейинки мезгилде бирликке мүчө мамлекеттердин калкы үчүн азык-түлүктүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу негизги милдет экенин айтты. Буга байланыштуу биримдиктин тийиштүү документтерин иштеп чыгуу жана кабыл алуу зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM