Биз менен байланышыңыз

Энергетикага Сауд Арабиядан инвестиция тартуу маселеси талкууланды

Кыска кабар | 2 Июн 2024 | 218 | 0

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Сауд Арабиянын инвестиция министри Халид Аль-Фалих менен жолугуп, энергетика тармагында кызматташуу, инвестиция тартуу маселелерин талкуулады.

Кыргызстанда ГЭСтерди куруу жана модернизациялоого, энергетикалык инфраструктураны жаңылоого, газ инфраструктурасын өнүктүрүүгө Сауд Арабиядан инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. ⁠

Сауд Арабиянын Инвестиция министрлиги энергетика министрине бир катар арабиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурду. Анда министр Казарман дарыясындагы ГЭС каскады, Суусамыр-Көкөмерен дарыясындагы ГЭСтер каскады, Чаткал ГЭСи, Сары-Жаз дарыясындагы ГЭСтер каскады, Жогорку-Нарын ГЭС каскады тууралуу айтып, алар ишке ашса энергетика тармагындагы көз карандылык жоюларын белгиледи.

Ошондой эле министр “Камбар-Ата-1” ГЭСи, энергиянын кайра жаралуучу булактарындагы потенциал тууралуу айтып берди.

Энергетика министри ушул күндөрү арап өлкөлөрүндө иш сапары менен жүрөт. 29-майда Эр-Рияд шаарында «Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши + Борбор Азия» форматындагы инвестициялык форумга катышкан.

10-11-июнда Австриянын Вена шаарында  өтө турган энергетикалык форумга барат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM