Биз менен байланышыңыз

Эл аралык уюмдар Кыргызстанга вакцина ташуучу 16 адистештирилген унаа берди

Кыска кабар | 2 Июн 2024 | 250 | 0

Саламаттык сактоо министрлигине вакцина ташуучу 16 адистештирилген унааны тапшырылды. Министрликтин маалыматына караганда, унаалар Вакциналар жана иммунизациялоо боюнча глобалдык альянс (ГАВИ) жана ЮНИСЕФ тарабынан Кыргызстанда эмдөөнү күчөтүү аракеттеринин алкагында берилди.

Унаалар көпчүлүк вакциналарды коопсуз ташуу үчүн зарыл болгон чоң муздаткыч камераларды алып жүрүү үчүн ылайктанган. Андан тышкары, вакциналарды күндүн тике тийген нурларынан коргоо үчүн терезелери атайын панелдер менен жабдылган.

«Кызылча, кызамык же көк жөтөл сыяктуу коркунучтуу ооруларга каршы вакциналардын коопсуздугу жана натыйжалуулугу үчүн атайын сактоо, ташуу шарттары талап кылынат. Ошондуктан бул инфраструктураны жакшыртуу Кыргызстандагы ар бир баланын өмүрүн сактап калуучу вакциналардын болушуна түздөн-түз таасирин тийгизет», — деп белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Кристина Бружиоло.

Бул Саламаттык сактоо министрлиги ала турган 26 унаанын биринчи бөлүгү. Калган 10 унаа өлкөгө июль айынын аягына чейин алып келинет.

Унаалардын жалпы баасы 1 млн 26 миң долларды түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM