Биз менен байланышыңыз

Бишкек жылуулук электр борборунун адиси кармалды

Кыска кабар | 2 Июн 2024 | 361 | 0

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде, 3 миң 200 АКШ долларын пара катары алып жаткан жеринен Бишкек жылуулук электр борборунун адиси С.Э.С. кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады. Кармалган адам Атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Маалыматка караганда, аккредиттелген химиялык лабораториянын жооптуу адиси акчалай сыйлык үчүн коррупциялык схема уюштурган. Катуу отундун протоколдук сыноолорунун корутундуларын даярдоо жана бурмалоо аракеттерин жасап жүргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM