Биз менен байланышыңыз

Спортчулар үчүн бөлүнгөн акчаны кымырып алууга шектелгендер кармалды

Кыска кабар | 31 мая 2024 | 376 | 0

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин жооптуу кызмат адамдары өзгөчө ири суммадага акча каражатын мыйзамсыз ыйгарып алууга шектелип кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Кылмыш жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде козголгон иштин алкагында, Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директору Э.У.Т., дирекциянын башкы эсепчиси К.Р.К. жана спорт департаментинин каржы бөлүмүнүн башчысы А.Р.Д. кармалды.

Алар Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция тарабынан көк бөрү, кыргыз улуттук классикалык күрөш, алыш бел боо күрөш, салбуурун, кулатуу, ат оюндары боюнча федерацияларды көзөмөлдөгөн усулчу жана машыктыруучулар менен алдын ала макулдашып алып, 2022-жылы Түркия  мамлекетинде өткөрүлгөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына барып келген спортчуларга күнүмдүк тамак ашына, байге фондуна жана окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүү үчүн мамлекеттин эсебинен бөлүнгөн ири суммадагы акча каражаттарын өздөрүнө ыйгарып алышканы такталды.

Азыркы учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар жооптуу кызмат адамдарын аныктоо максатында, тиешелүү ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM