Биз менен байланышыңыз

Баалар арзан: Министр пияз өндүрүүчүлөр менен жолугушту

Кыска кабар | 31 мая 2024 | 239 | 0

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев пиязды экспорттоочулар жана өндүрүүчүлөр менен жолугушту. Жолугушууга Экономика жана коммерция министрлигинин, коммерциялык банктардын өкүлдөрү да катышты.

Жыйында пиязды экспорттоо үчүн потенциалдуу базардарды аныктоо, мүмкүнчүлүктөр жана тенденциялар талкууланды.

Өндүрүүчүлөр учурда Орусиянын жана Казакстандын рыногунда пияздын баалары төмөн болуп жаткандыктан Кыргызстанда өндүрүлгөн пияздын быйылкы түшүмүн сатууда көйгөй жаралып жаткандыгын айтышты.

Дыйкандардын маалыматына караганда, 1 кг пияздын наркы 12-13 сомдон болуп жатат. Мисалы Орусияда пияздын баасы орточо 26 рубль болуп жатса, логистикалык чыгымдар жеткирүү үчүн орточо 18 сомго чейин болгондуктан экспорттоочулар чыгымга учурап калышууда.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Экономика министрлигине пиязды экспорттоодо логистикалык чыгымдарга жардам берүү боюнча тапшырма берилди.

Copyright © 2017 Maral FM