Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу учуп кетишти

Кыска кабар | 31 мая 2024 | 513 | 0

Кыргызстандан ажылык ибадатын аткаруу үчүн аттанган зыяратчылардын алгачкы тобу бүгүн, 31-майда Ош эл аралык аэропортунан учуп кетти. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Ажылыкка аттанган жарандарды ыйык сапарга узатууга Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Муфтий Абдулазиз кары Закиров баштаган кызматкерлер, Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради, Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушев жана анын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков башында турган дин ишмерлери катышты.

Быйыл Сауд Араб Падышачылыгы ажылык үчүн Кыргызстанга 6060 квота берген. Ажылык сапардын баасы 3750 доллар деп белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM