Биз менен байланышыңыз

Депутат «студенттик жол кире» системасын кайтарууну сунуштады

Кыска кабар | 30 мая 2024 | 195 | 0

Студенттер Бишкек шаарындагы коомдук транспортто жана Ош-Бишкекке учкан авиакаттамдарга жеңилдиктерди берүүнү суранышты. Бул тууралуу депутат Элдар Абакиров 30-майда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Анын пикиринде, студенттик жол кире деген система кайтарылышы керек. Баасын Бишкек мэриясы эсептеп чыгып, бекитет.

Ошондой эле депутаттын айтымында, борборго аймактардан келген студенттер ички авиабилеттерге жеңилдик берүүнү суранышууда.

Абакиров министрлер кабинетинен бул өтүнүчтөргө көңүл бурууну суранды.

Бишкекте троллейбус, автобустарга жол кире накталай эмес төлөм менен 17 сом, накталай төлөм менен 20 сом.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM