Биз менен байланышыңыз

«Аккула» ат майданы кайрадан аукционго коюлду

Кыска кабар | 30 мая 2024 | 179 | 0

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти «Аккула» мүлк комплексин аукционго коюуда. Мүлк комплекси 33 лотко бөлүнгөн.

Муниципалитеттин алдында мүлк комплексинин аймагында мектептерди, бала бакчаларды, инженердик курулуштарды, жолдорду жана жашыл аймактарды куруу үчүн жер тилкелери калтырылды.

Биринчи аукцион 2024-жылдын 16-майында саат 10:00дө өтүшү керек болчу, арыздын жоктугуна байланыштуу бул аукцион өткөн эмес.

Ошондой эле, 16-май күнү Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак жайларды долбоорлоо жана куруу үчүн 0,93 га жер тилкесин ижарага берүү боюнча электрондук аукцион өткөрүлүп, аукционго 6 арыз ээси катышты.

Жылына 5 млн сом баштапкы ижара акысы менен сунушталган жер тилкеси жеңүүчүгө белгиленген жылдык ижара акысы 32 млн сом менен берилген.

Быйыл 21-мартта «Аккула» ат майданынын жаңы курула турган имаратына капсула салынган. Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жаңы ат майданда көк бөрү оюндарын көрүү үчүн 10 миң орун, башкы ат майдан 20 миң орундуу болору мерчемделген. Мурдагы ат майдандын аянты 57 гектар болчу. Жаңы ипподромго 200 гектардан ашык жер бөлүнүп берилди.

Ат майданында соода борбору, мейманкана, дүкөн, кафе-ресторан болору эске алынган, комплекс жыл бою иштейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM