Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров экономика туруктуу өсүп жатканын айтты

Кыска кабар | 23 мая 2024 | 199 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүү траекториясына киргенин, жаңы тармактар жана багыттар ачылып, тышкы соода жүгүртүү өсүп жатканын белгиледи.

Бул тууралуу ал 23-майда Бишкек эл аралык каржы форумунда айтты.

2019-жылга салыштырмалуу ИДПнын көлөмү 2 эсе өсүп, 2023-жылы 1 триллион 228 миллиардга жеткенин кошумчалады.

Банктын капитализациясы 2019-жылдагы 42 миллиарддан жылдын акырына карата 104 миллиардга чейин өстү, ал эми таза киреше 2,9 миллиарддан 24 миллиард сомго чейин өстү. Кредиттик портфел да эки эсе көбөйүп, 257 миллиард сомго жеткенин билдирди.

“Биз банк секторубузга чоң ишеним артабыз.  2050-жылга карата адегенде 30 миллиарддык төмөн орбитага, андан кийин 200 миллиарддык стратосферага алып чыгууга тийиш болгон экономикалык өсүш темпине жетүү үчүн бизде жогорку деңгээлде өнүккөн, ийкемдүү жана акылдуу финансылык, банктык сектор болушу керек экенин билебиз. Биз эл аралык капитал рыногун жаңыдан изилдей баштадык жана кызыгуу бар экенин айткым келет. Бирок биз чогуу активдүү иштешибиз керек”, — деди ал.

Ал банктык которуулар боюнча комиссияны кыскартуу керектигин айтты. Банктар аралык которуулар үчүн комиссиялык жыйымдарды алууну мыйзамдык жактан жөнгө салуу боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдөөн тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM