Улуттук банк валюта базарынан 31 млн 500 миң доллар сатып алды. Интервенция 21-майда жасалганы аталган банктын сайтында маалымдалды.
Улуттук банк жыл башынан бери 7-ирет валюта базарынан доллар сатып алууда, жалпы 122 миллион 800 миң доллар алынды.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда расмий курс боюнча 1 доллар 88,15 сомду түзүүдө.