Биз менен байланышыңыз

Байсалов пакистандык кесиптеши менен студенттерден кабар алды

Кыска кабар | 22 мая 2024 | 208 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкекке келген Пакистандын вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен жолугушту. Алар Улуттук госпиталда дарыланып жаткан пакистандык жаранга чогуу барышты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар акыркы окуялар салттуу достук кыргыз-пакистан мамилелерине доо кетире албастыгын белгилешкенин өкмөттөн кабарлашты.

«Бул кризис эки бир тууган мамлекеттин жакындыгын жана өз ара ишенимин сынады. Биз эки өлкөнүн дагы да жакындашуусуна эффективдүү чараларды көрүү үчүн бардыгын жасашыбыз керек», — деди Эдил Байсалов.

Ал пакистандык кесиптешин Кыргызстандагы чет элдик студенттерге жылуу-жумшак мамиле болооруна, жакында болгон окуяга күнөөлүүлөрдүн баары жоопко тартылаарына ишендирди.

Маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык чөйрөлөрдө кызматташтыкты бекемдөө боюнча бир катар биргелешкен кадамдар белгиленип, эмгек миграциясы маселелерин мамлекеттер аралык жөнгө салуу зарылчылыгы боюнча да сөз болду.

Пакистандын тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар 21-майда Кыргызстанга келди.

20-майда Астанада ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйыны өткөн. Саммиттин алкагында да Пакистандын тышкы иштер министри Мохаммед Исхак Дар Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолуккан.

Бишкекте 13-майда жатаканалардын биринде жергиликтүү жана чет элдик жарандардын ортосунда мушташ чыккан. 18-майга караган түнү Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөлөрүндө массалык башаламандык болгон.

Бул окуядан жабыркаган студенттер атайын рейс менен Пакистанга учуп кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM