Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэри жумушка өз унаасы менен келген кызматкерлерге эскертүү берди

Кыска кабар | 21 мая 2024 | 146 | 0

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык кызматкерлерге жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлерине жума сайын шейшемби жана бейшемби күндөрү коомдук транспортто жүрүүнү тапшырган.

Бул чечимди аткарбаган айрым жетекчилерге эскертүү берилди.

Тиешелүү көзөмөл кылбаганы үчүн мэриянын борбордук аппаратынын жетекчисине, уюштуруу-контролдук иштер башкармалыгынын башчысына, Биринчи Май, Свердлов райондорунун акимдерине, муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин директоруна, муниципалдык инспекциянын башчысына, “Бишкексууканал” ишканасынын башчысына, «Бишкекбашкыархитектура» ишканасынын башчысынын биринчи орун басарына эскертүү берилди.

Муниципалдык ишканалардын 19 кызматкери жумушка өздөрүнүн автоунаалары менен келишкен. Шаар мэринин тапшырмасын аткарбаган кызматкерлерге чара көрүү боюнча тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, Ленин райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Бакыт Караевге катуу сөгүш жарыяланды.

Ошондой эле, «Бишкекбашкыархитектура» ишканасынын башчысынын орун басары Назгүл Койбагаровага сөгүш жарыяланды.

Мэрия жума сайын шейшемби жана бейшемби күндөрү коомдук транспортто жүрүү чарасы экологиялык абалды жакшыртууга, коомдук транспорттун абалын көзөмөлдөөгө, жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын жакшыртууга багытталганын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM