Биз менен байланышыңыз

Жер-жерлерде аялдар жайыттарды башкаруу тууралуу окушту

Кыска кабар | 21 мая 2024 | 195 | 0

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги Кыргызстандын аймактарында аялдар жайыттарды башкаруу тууралуу окутуудан өтүшкөнүн кабарлады.

Окутуу “Жер мыйзамдарынын актуалдуу маселелери” темасындагы семинардын алкагында болду. Ага Чүй, Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынан кыз-келиндер катышты.

Окутуунун максаты, аялдардын жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча маселелерин жер-жерлерде чечүүдө билим деңгээлдерин жогорулатуу, ошондой эле учурдагы административдик территориалдык реформанын алкагында жайыттарды башкаруудагы өзгөчөлүктөр боюнча кеңири маалымдоо болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM