Connect with us

«Ататүрк» паркынын четине салынган үйлөрдү сүрдүрүү белгисиз мөөнөткө жылды

Кыска кабар | 20 Май 2024 | 1239 | 0

Бишкектеги «Ататүрк» паркынын четине салынган үйлөрдү демонтаждоо иштери белгисиз мөөнөткө жылды. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирди.

Бүгүн, 20-майда «Ататүрк» паркынын четине салынган үйлөрдүн 200дөй жашоочулары чогулду. Алар мэриянын парктын аймагына мыйзамсыз түшкөн үйлөрдү сүрдүрүү чечимине  нааразычылык билдиришти.

Бишкек мэриясы буга чейин 20-майда парктын четиндеги мыйзамсыз курулуштарды сүрдүрүү баштала турганын билдирген. Бирок бүгүн аталган жерге мэриянын өкүлдөрү саат 12:00гө жакын келди. Октябрь районунун акими жашоочулар менен жолугушуу өткөрүп, мэриянын чечимин түшүндүрүүгө аракет кылган. Ошондой эле «Бишкек шаарында массалык чогулууга, митинг өткөрүүгө тыюу салынганын» эскертти. Буга жашоочулар нааразычылык билдирип, «Мэрия бүгүн сүрдүрүү иштерин баштайбыз дегени үчүн чогулушканын» айтты.

Ошондой эле алар парктын аймагын алгач менчиктештирген бир да чиновникке чара көрүлбөгөнүнө нааразычылык билдиришти. Октябрь районун акими бул маселе боюнча прокуратура алектене турганын айткан.

Учурда демонтаждоо иштери белгисиз мөөнөткө жылды. Мэриянын өкүлдөрү ар бир жер тилкеси боюнча сот чечими чыккандан кийин сүрдүрүү иштери баштала турганын билдирди. Ал эми жашоочулардын эгер үйлөр сүрдүрүлгөн учурда кенемте төлөө маселеси кандай болот? — деген суроосу жоопсуз калды.

Copyright © 2017 Maral FM