Биз менен байланышыңыз

Министрлик Бишкектеги окуяда 29 адам жабыркаганын билдирди

Кыска кабар | 18 мая 2024 | 193 | 0

17-майдан 18-майга караган түнү тез жардам кызматына 29 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын ичинен 15 адам Шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлдү.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 18-майдын таңына карата Шаардык тез жардам ооруканасында эки бейтап дарыланууда. Диагнозу: баш мээнин жабык травмасы, мээнин чайкалышы. Бейтаптардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Бир жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга кеткен.

12 жабырлануучу ар кандай жаракаттар менен Улуттук госпиталга жаткырылып, алардын 11и тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга чыгышты.

18-майда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталдын Бет-жаак хирургиясы бөлүмүнө барып, жаак сөөгү сынган деген диагноз менен жаткырылган пакистандык жарандын ден соолугунун абалы менен таанышты. Бейтап операцияга даярдалып жатат: жаак сөөгүнүн сынган жерин ордуна келтирүү. Министр Улуттук госпиталдын жетекчилигине жабырлануучуга бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM