Connect with us

Кыргыз-кытай чек арасында «Бедел» өткөрүү пункту ачылат

Кыска кабар | 16 Май 2024 | 325 | 0

Ысык-Көл облусундагы кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында «Бедел» өткөрүү пунктун ачуу боюнча талаа иштери башталды.

Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев билдирди.

Ал 15-майда тиешелүү мамлекеттик органдардын жана кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өткөрүп, көзөмөл-өткөрүү пунктунун ачылышына байланыштуу маселелерди талкуулады.

Жумушчу топ «Бедел» көзөмөл-өткөрүү пунктунун алдын ала жайгашкан жерлерин, ошондой эле чек ара, бажы көзөмөлүнүн объектилерин карап чыкты.  Мындан тышкары, Барскоон-Учтурфан-Аксуу автожолунун курулушунун багыты жана бул объектилердин толук кандуу иштеши үчүн тийиштүү инфраструктураны куруу маселелери талкууланды.

2023-жылдын май айында президент Садыр Жапаров Кытайга жасаган иш сапарынын алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен «Бедел» өткөрмө пунктун ачуу боюнча макулдашууга жетишилген.

Copyright © 2017 Maral FM